super.kg logo

Бишкек шаарында оңдолуп жаткан көчөлөр качан ачылат? (карта, фото)

 

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбор шаардагы 23 көчөнүн айрым бөлүктөрү оңдоо иштерине байланыштуу жабык.

Мэриянын алдындагы капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев SUPER.KG порталына оңдолуп жаткан жолдор боюнча айтып берди. Анын айтымында, жолдорду оңдоо иштери Кытай мамлекети бөлгөн гранттык каражаттын негизинде “Чайна Роуд” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жатат.

"Кытай тарап менен жол куруу жана оңдоо боюнча 2 келишим түзүлгөн. Биринчиси - 2016-жылдан бери иштеп келе жатат. Анын баасы 478 миллион юанды (4 миллиард 780 миллион сом) түзөт. Ал жолдорду оңдоо, өнүктүрүү тууралуу келишим.

Экинчиси - шаардын жолдорун калыбына келтирүү жөнүндө 2017-жылы түзүлгөн келишим. Бул келишим 160 миллион юанга (1 миллиард 600 миң сом) түзүлгөн. Учурда ушул келишимге ылайык, Бишкек шаарындагы 23 көчөнүн бөлүгү - жалпы 38 чакырым жол оңдолуп жатат", - деди Эшенбаев.

Айта кетсек, учурда Бишкек шаарындагы унаа көчөлөрүнүн асфальтын жаңыртуу, тротуарларды салуу, арыктарга лотокторду орнотуу иштери жүрүүдө. Оңдолуп жаткан көчөлөрдүн бүтө турган мөөнөтү ар башка, айрым көчөлөр жаз мезгилинин аягында эле бүтсө, айрымдары ушул жылдын күз айларына чейин созулат.

Бишкекте убактылуу жабылган жолдордун картасын SUPER.KG порталы түзүп чыкты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
30.04.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жибек жолу Манас качан ачылат экен бутконго???адм айтып койгулачы
01.05.2018. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо миллиарддаган акчаларга шаардын баарын ондосо болчудай го,кочонун эмнелери ондолуп атат,мурдагыдан озгочолугу бар экенби ?
01.05.2018. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кузундо онолот
01.05.2018. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким толойт? Мекенди залогко коюп жолду ондобой эле койсо болушмакго, Тажикстандын кейпин кийип калбасак эле болду. Жол учун эле мен билгенден 10000000000 сомдук милдетибиз бар экен Кытайга.Окмот карыз алып баккандан башканы билбей калыптырда.
01.05.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодая гвардия/Чуйский сопсонун эле турду эле го жол жөн эле акчаны сапырасынар го чиркин көккө. Андан көрө эски толчоктун жолун оңдобойсуңарбы
01.05.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Восток 5 эртерээк ачылса жакшы болмок 5-тралик жок үйгө кетүү кыйын болуп калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: