Кыргыз шахматчысы Ислам Байсынов Дүйнө чемпиону болду
Кыргыз шахматчы Ислам Байсынов Дүйнө чемпиондугун багындырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына спортчу өзү билдирди.
Анын айтымында, мелдеш 21-30-апрель аралыгында Италияда өткөн.
"Кальгари шаарында шахмат сүйүүчүлөрдүн арасында Дүйнө чемпиондугу өтүп, анда мен рейтингдеги 2000 упайга чейинки спорт чеберлери арасында күч сынашып 2-орунга ээ болдум. Ал эми шахматтын блиц түрү боюнча Дүйнө чемпиону аталдым. Буга чейин 2016-жылы дагы Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлегем", - деди Ислам Байсынов.
Эске салсак, Байсынов 2017-жылдын апрель айында Таиланддын Чиангмай шаарында өткөн Азия чемпиондугун багындырган.
Кыргыз шахматчы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
7

Мен да чыныгы чемпион болуптур десе...
Теманы качан туура жазасынар ыя?!!