super.kg logo

Түштүк Корея Түндүк Кореяга карата “психологиялык согушту” качан токтоторун айтты

 

Түштүк Корея Түндүк Кореяга карата кубаттуу үн жогорулаткычтар аркылуу жасалып жаткан “психологиялык согушун” 1-майда токтотот. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде чет элдик басылмалар Түштүк Кореянын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган чечим 27-апрелде эки өлкөнүн жетекчилеринин сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган. “Корей Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индин жолугушуусунда жогорудагыдай демилге көтөрүлгөн. Буга байланыштуу Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү Панмунжом декларациясына (Панмунжон – 27-апрелде саммит өткөн аймак) ылайык, 1-майдан тарта кубаттуу үн жогорулаткычтарын өчүрө баштайт”, - деп жазылган маалыматта.

Белгилүү болгондой, Түштүк Корея Түндүк Кореянын чек арасына Пйоңйаңга каршы пропаганда максатында 2016-жылы он чакты аймакка 36 кубаттуу үн жогорулаткычты орноткон. Бул кадамга расмий Пйоңйаң да ушундай жабдууларды орнотуу жолу менен жооп кайтарган. Андан сырткары 5-майдан тарта эки өлкөнүн убактылары теңеле турганы айтылды. Башкача айтканда, Панмунжон декларациясы боюнча 30 мүнөт артта калган Түндүк Корея убактысын Түштүк Кореяныкына теңемекчи. Ким Чен Ын бул кадамын “улутту бириктирүү үчүн жасалган алгачкы кадам” деп атаган.

Эске салсак, 27-апрелде Түндүк менен Түштүк Кореянын лидерлеринин жолугушуусу тынчтык келишимине жетишүү менен аяктап, биригүүнүн келечегин талкуулашкан. Ким Чен Ын 65 жылдан бери алгачкы жолу Түштүк Кореянын аймагына бут койгон Түндүк Кореянын лидери болуп тарыхта калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.04.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хм жакшы жакшы. Экөөңөр урушсаңар АКШнын көктөн издегени жерден табылат. Жарашкыла!
30.04.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки эчки жөөлөшсө, карышкырга жем болот.
30.04.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо! Туура жазсаныздар Пхеньян деп пйонйан деген жер жок
30.04.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Optima, Супер ушинте берет, Пйончан,
Пйонйан деп)
KOCMOC түзөттү 2018-04-30 20:56:32
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: