Ысык-Көлдө эки жигит кыз үчүн мушташты. Учурда бири ооруканада, экинчиси өлүкканада
Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы эки жигит кыз талашып мушташып, бири каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 30-апрелге караган түнү саат 01:10 чамасында болгон.
"Кара-Ой жана Бактуу-Долоноту айылынын эки тургуну Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун артында өз ара пикир келишпестиктерден улам мушташа кетишкен. Мушташтын себеби балдардын кыз талашуусу болгон. Мындан улам Кара-Ойдун тургуну атаандашынын талуу жерине чаап, жабырлануучу эсине келбей жатып каза болгон. Каза болгон бала 9-классты аяктаган соң мектепте окуган эмес, ал эми кылмышка шектелип жаткан бала Кара-Ой айылынын мектебинде 11-класста окуп жаткан. Шектүү окуя болгон жерден кармалып, учурда сурак берүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
кошулду

Азыр эл бузулду. Мыкаачы болуп кеттик.
Жаш эле балдарга кыздын эмне кереги бар дейм да...
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтсөңүздөр болот.