Ооганстанда жардыруунун кесепетин чагылдырууга келген журналисттер экинчи жардыруудан каза болду



Бүгүн, 30-апрелде эртең менен Ооганстандын борбору Кабул шаарында кош жардыруудан кеминде 29 адам мерт болуп, дагы 45и жаракат алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жанкечти алгач мотоцикл менен Коопсуздук боюнча улуттук башкармалыктын имаратынын жанында өзүн жардырып жиберген. "Экинчи жардыруу ошол эле райондо жайгашкан Шаарды өнүктүрүү министрлигинин имаратынын жанында 20 мүнөттөн кийин болгон. Жардыруучу затты өзүн журналистмин деп тааныштырган адам кызматкерлер имаратка кирип жаткан маалда иштеткен", - деп жазышат басылмалар.
Жардыруулардан улам каза болгондордун арасынан 10у TOLOnews, AFP, Al Jazeera, Эркин Европа/Азаттык маалымат каражаттарынын журналисттери бар экени айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!