super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов “Баш-Кара-Суу” суу тосмосун куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты

 
Мэр Иса Өмүркулов “Баш-Кара-Суу” суу тосмосун куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты
“Баш-Кара-Суу” суу тосмосунун курулушу жүрүп жаткан учур
Курулуштун жүрүшү менен таанышуу
Курулуш жүрүп жаткан учур
“Баш-Кара-Суу” суу тосмосунун курулушунун жүрүшү
Курулуш жүрүп жаткан учур
Курулуш учурунан
“Баш-Кара-Суу” суу тосмосунун курулушу учурунан
“Баш-Кара-Суу” суу тосмосунун курулушу учурунан

Бүткүл дүйнөлүк банктын Бишкек жана Ош шаарларынын инфраструктурасын жакшыртуу долбоорунун алкагында “Баш-Кара-Суу” суу тосмосунун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш иштерин аткарууга жалпысынан 320 миллион сом жумшалат. Анын 10 пайызы жергиликтүү бюджеттен каралса, 10 пайызы Каржы министрлиги тарабынан бөлүнүүдө. Калган 80 пайызды Бүткүл дүйнөлүк банк бөлүштүрдү. Долбоорду аяктоо 2014-жылга белгиленген. Ал Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ынтымак, Ак-Өргөө конуштарын, Жогорку-Орок жана Сокулук районунун айрым айылдарынын 100 миңден ашуун тургундарын суу менен камсыз кылат. “Баш-Кара-Суу” суу тосмосунун жалпы кубаттуулугу саатына 1500 метр кубду түзөт. Аталган суу берүү объектисинен Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү конуштарга чейинки тартылган суу берүүчү түтүктөрдүн узундугу 12 миң 800 метрди, диаметри 450 миллиметрди түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: