Москвада интернеттеги чектөөлөргө каршы митинг өтүүдө




Бүгүн, 30-апрелде Москвада Телеграм социалдык тармагынын жабылышына жана интернеттеги чектөөлөргө каршы митинг өтүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазууда.
Маалыматтарга ылайык, шаар бийлиги беш миңге чейин адамдын катышуусундагы акцияны өткөрүүгө уруксат берген.
Митингге саясий партиялардын өкүлдөрү, оппозиционер Алексей Навальный катышууда. Акцияны уюштурган "Либертариан" партиясынын өкүлдөрү ушул иш-чара Калининград шаарында да өтүп жатканын билдирүүдө.
Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров кечээ, жекшембиде москвалыктарды эркин интернет үчүн митингге чыгууга чакырган.
Белгилей кетсек, 6-апрелде Орусиянын көзөмөл комитети Москванын Таган райондук сотуна Телеграмды Орусиянын аймагында колдонууга тыюу салуу талабы менен кайрылып, 13-апрелде соттун чечими чыккан.
Ага ылайык, Telegram тиркемеси Орусияда иштебей калган.



Telegram'ды пайдалануу да кыйынчылык болтат.
Даже, Google.com иштебейт, а google.ru иштеп жатат..
Роскомнадзор Америкага атакасы анчейин ишке ашпай жатат...
Google дан миллиондогон ip даректерди блоктоп Telegram'дын айынан дээрлик кыйла интернетке бөгөт коюууда РосКомНадзор..
Анткен болбойт да, Google Telegram'ды Play Market өчүрбөдү ошонун айынан блоктоо башталды google.com даректерине менин оюумча...
Хот ал бийлик болобу,хакер болобу.
Эң ыңгайлуу мессенджер болчу..
Даже акча иштөөгө мүмкүндүк берет эле..
Тынчтык болсун..