super.kg logo

Тажикстан Кытайга дагы башка алтын кендерин бергенге даяр

 

"Эгер "Чыгыш Дуоба" жана "Жогорку Кумарг" алтын кендерин өндүрүүдөн түшкөн киреше ЖЭБге кеткен чыгымды актабаса, тажик бийлиги дагы башка кендерди иштетүүгө укук бергенге даярдыгын билдирди", - деп кытайлык TBEA компаниясынын башчысы Чжан Синге таянып чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, Тажик өкмөтү компанияга көмүр кенин өндүрүүгө лицензияны сунуштаган, бирок ТВЕА бул сунуштан баш тарткан.

"Учурда Тажик өкмөтү менен кытайлык ТВЕА компаниясынын ортосунда инвестициялык келишимдин долбоору даярдалууда. Алдын ала эсеп боюнча, аталган эки кендеги алтындын көлөмү ЖЭБге кеткен чыгымды бир гана актабастан, андан кыйла ашат", - деп тажик өкмөтүндөгү булактарга таянып маалымат каражаттары жазышууда.

Айта кетсек, буга чейин Тажик бийлиги "Дүйшөмбү-2" жылуулук электр борборун кургандыгы үчүн Кытайга "Жогорку Кумарг" жана "Чыгыш Дуоба" алтын кендерин берери айтылган. Кытайлык ТВЕА компаниясы кытайлык "Эксимбанктан" 349 миллион доллар насыя алып, 2016-жылы аталган ЖЭБди куруп берген.

Белгилүү болгондой, 2017-жылы кытайлык ТВЕА компаниясы Кытайдан насыя катары алынган 386 миллион долларга Бишкек жылуулук электр борборунда оңдоо иштерин жүргүзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(15)
30.04.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман ото жаман
30.04.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Вай блиин жеп жутарлар бул неси 349$го ЖЕБти куруп берсе тажикстанга а бизге болсо 386$го оңддо иштери бүтпөсө бул эмнеси ынсап деген барбы биздин жеп тойбостордо.
30.04.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
эмнени карап отуршат баарын камаш керек ашадан баштап
30.04.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кимге коз каранды болсон ошонун оюу менен жашайсын.
30.04.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ТВЕА Кыргызстангада курду, бул ото чон маселе, [moderated] каналдарында Кыргызстан Кытайга Чаткалды берет деген роликтер чыгып атат. Эгер жаны президент акыбалды чукул озгортбосо жерибиз мекенибиз коркунучта. Чон брлуп иштегендер акчасы бар акылы жок келесоолор мекендин жердин кадырын тушунбой атышат, Уйгурлардай болсок тушунмокбуз. Кытайга болгон карызды толош учун Америка менен союздаш болсок акыбалдан чыга алабыз, болбосо акыбал опасно, Россияны азыр Турция тоготбойт керек болсо.
30.04.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
jbolotov, Америка ушул убакка чейин бир да өлкөнү гүлдөтүп жиберген жок. Вьетнам, Ирак, Авганистан, Сирияда согуш аракеттерин жүргүзгөндөн башка экономикасын көтөрүү үчүн көрүнүктүү иш жасаганын көрө элекмин. Ушул кыргыз элин карызга батырып млндоп жегендердин тешчүү жерин тешип чыксын. Биздин чоңдор жеген боюнча гиннес китебине кирмей болушту.
30.04.2018. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dalil,Вьетнам Ирак Авганистан убагында антиамерикалык режимде жашап Америка СССР геосаясатынын талашынын курмандыгы болушкан. Россия СССР менен болгон олколор: Молдова Армения, Азерб, Белорус, Украина,Кырг,Казак,Озбекст,Тажикст,Туркм,Грузия,Вьетнам, Ангола,Куба,Тундук Корея,Эфиопия, Сирия,Болгария,Литва,Латвия,Эстония,Египет, Иран мына ушулар. АКШ менен толук союздаштар: Израиль, Япония,Туштук Корея,Австралия, Альяска штаты, ОАЭ дубай, Сауд аравия, Туркия, Азыркы Грузия СНГ олколорунон эн онукко
01.05.2018. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jbolotov,Аляска штаты АКШнын союздашы бекен. Күлкү келерлик бир нерселерди жаза бербегилечи сураныч. Түшүнүгүнөр жеткен темага аралашсанар. Божомолдоп эле бирдемелерди жаза бербей.
01.05.2018. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mr.Jack, Аляска 19 кылымда Америкага сатылып кеткен. Азыр суук климатвна карабай жетиштуу инфроструктурасы бар штат, ага чейин Россиянын жери болгон эч ким барбаган.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-01 10:01:53
30.04.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орто Азиянын чондорунун Башы курттап эле кеткенго дейм эмнеге озубуздогу кенди озубуз иштете албайбыз айланайындар ойлонгулачы!!!!
30.04.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2025 ке чейин негизги делген аЛтын кенибизде алтын калбай буюджеттин чекеси оюулуп эле калган учур болот.Карызды кантип толоор экенбиз ойлонсон башын жарылып кетет.Тажиктин куну бизге келбесе эле болду
30.04.2018. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгерде Кытайда жетекчилери зыяндуу келишимге барганы билинип калса дароо атууга кетеерин билип журобуз, андай болсо эмне учун Кытай мамлекети бекер грант турундо Бишкектин жолдорунун баарын ондоп атышат? Карапайым эл байкуш карангылыгынан онугуп атабыз, президент катуу иштеп жолдор копуролор салынып атат деп ойлошот, чынында бул иштер Кыргыз мамлекетин басып алуунун механизмдери. Коз карандысыз окмот болсо Атамбаевдин ишин чыккынчылык беренеси менен карап чыгыш керек болчу.
jbolotov түзөттү 2018-04-30 23:08:52
30.04.2018. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайлар айтышат экен "биз тартып албайбыз,биз сатып алабыз"деп.
Кыргызстандын жеп-жутарлары карыз ала эле беришет,акырында Кыргызстанды берип куттулушабы?
Кудайым өзү колдоп-сактасын Кыргызстанымды!
Arinsa түзөттү 2018-04-30 23:28:38
30.04.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өз байлыгыбызды иштете албай жүрөбүз, Кытайдан эмнебиз кем биздин
03.05.2018. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооздон өтө жаман сөздөр чыгып кетейин деп жатат. Эмне себептен АША жутуп койгон акчаларга карапайым эл азап тартыш керек ?
Жеп жуткандарды кустуруп төлөтүш керек. 386млн$ оюн эмес.
Эми 9000 сомго көчөт алып келгенине эмне дейбиз ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: