super.kg logo

Ошто октон каза болгон милиция кызматкеринин досу үй камагына чыгарылды

 

Ошто октон каза болгон милиция кызматкеринин досу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде Ош шаардык соту Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т.З. атылып каза болгон тапанчанын ээси Б.Б. аттуу Ош ШИИБинин кызматкеринин баш коргоо чарасын караган. Каза болгон милиция кызматкеринин жакындарынын тосмо арыз жазып бергенине байланыштуу Б.Б. аттуу милиция кызматкерин үй камагына чыгарган.

Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан Б.Б.га карата кызмат учурундагы шалаакылык беренеси менен кылмыш иши козголуп иликтөө, жүрүп жатканын кабарлашты.

Эске салсак, 28-апрелде Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т.З.нын жансыз денеси өзүнүн унаасында табылган. Аны кароо учурунда көкүрөгүнө тийген октон каза болгону аныкталган. Унаа ичинен бекитилген абалда болгон. Ошондой эле маркумдун жанынан башка Ош ШИИБинин кызматкерине таандык табелдик курал табылып, маркум ошол тапанчадан каза болгону белгилүү болгон.

Тергөөнүн алгачкы версиясы боюнча, ал өз өмүрүнө өзү кол салган. Бирок бул багытта терең иликтөө иштери жүргүзүлөт. Т.З. ички иштер органдарында 2014-жылдан бери кызмат өтөп, аймактык тескөөчү кызматына жаңыдан гана келген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.04.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кандай милиция, куралын бирөөгө берип койуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: