WhatsApp`тын негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган компаниянын жетекчиси Ян Кум кызматынан кетти
WhatsApp тиркемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган компаниянын жетекчиси Ян Кум кызматынан кетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактардын бириндеги жеке баракчасына жазып чыккан.
"Биз Брайан Актон экөөбүз WhatsApp`ты иштеп чыкканыбызга 10 жылга жакындап калды. Ал кездер эң таң калычтуу жана кызыктуу учурлардын катарында кала берет. А мен дагы да болсо өсүшүм керек. Мындан улам тиркемени биз ойлогондон да көп адам колдонуп жаткан мезгилде жумуштан кетүүнү туура көрдүм", - деген ал.
Чет элдик басылмалардын жазып чыккандарына таянсак, Ян Кумдун кызматтан кетүүсүнө Facebook компаниясы менен болгон пикир келишпестиктер себеп болгон. Айта кетсек, 2014-жылы аталган компания WhatsApp`ты 21,8 миллиард долларга сатып алган. Учурда бул тиркемени 1 миллиарддан ашуун адам колдонот.






1 |