Грузияда коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салынды
Грузияда коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салынды. Мыйзам бүгүн, 1-майдан тартып күчүнө кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эми тамекини бар, ресторан, мейманкана жана башка коомдук жайларда чегүүгө болбойт. Эгер катардагы жаран мыйзамды бузса, анда 100 лари (болжол менен 2800 сом) айып төлөйт. Ал эми жеке тараптар бузса, алгачки ирет 500 лари (13 миң 700 сом), эгер кайталанса 1000 лари (27 миң 500 сом) айып каралган. Мыйзамдагы өзгөрүүлөргө жараша чылымды эми үйдө, тамеки чегүүчү атайын жайларда, кальян барларда жана казинолордо гана чегүүгө уруксат берилет.
Ошондой эле Грузиянын аймагында тамекини жарнамалоого тыюу салынган. Мындай аракет элдин өмүрүн жана саламаттыгын сактоого багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Tolkun555

01.05.2018. 22:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.