ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: Бүгүн Эмгекчилердин эл аралык майрамы
Бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамы.

Совет мезгилинде 1-Май - Эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери 1-Май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат.

1-Май майрамы Кыргыз жеринде биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Майрамга чогулган большевиктер, кызыл аскерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.

Айта кетсек, бул майрам Орусия жана Тажикстанда бир гана Эмгекчилердин күнү эмес, жаздын майрамы катары да саналат. Ал эми АКШда Эмгекчилердин күнү сентябрь айынын алгачкы дүйшөмбү күнүндө белгиленсе, Японияда 23-ноябрда майрамдалат.

Эмгекчилердин күнү дүйнөдөгү 142 өлкөдө белгиленет, бирок жогоруда жазылгандай ар бир мамлекетте ар кайсы датага туш келип калган. Ал эми дал ушул 1-май күнү майрамдай турган өлкөлөрдүн саны 66га жетет.
1-майдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Майрамынар конулдуу отсун...
(Чубак баш болгон диний фанаттардын созуно конул бурбагыла, алар майрамдабаса койсун, зато калайык калк майрамдайт кары-жашы баары...)...
Дагы бир жолу майрамынар менен!!!
Ой Соке, чет жердеги элчиликтерин Кыргыздарга жардам беруунун ордуна биринчи оздору тоноп жатат го?!! Омон, полициянын колунан сууруп чыгуунун ордуна оздору мигранттарыбызды ОМОН, полициянын колуна салып берип жатат го?!! Же элчиликтер жаныландыбы сен бийликке келгенден бери?
Россия, Туркия ж.б.олколордогу мигранттар суткасына 12-14 сааттан иштешет кыйналып. Анда да жумасына бир кун эс алышат. Жумасына 2 кун эс алып 8 сааттан иштеген мигранттар дээрлик жок. Андай график болгон кунд да ото аз толошот. Кыскасы карапайым эл кыйналып жашап келет...
Жээнбековго кайрылып кетемин: Сооронбай мырза, Кыргызстандын экономикасын ондоп, жумуш орундарын тузуп, минрантардын баарын болбосо да хотя бы жарымын кайра Кыргызстанга кайтарууга козунуз жетеби?!! Козунуз жетсе иштениз, болбосо кызматынызды иштейм деген азаматтарга откоруп бериниз. Мисалы Мадумаров, Мырзакматов, С.Жапаров деген мырзалардын бирине.