Ысык-Көлдө кыз талаштан каза болгон жигит үйдүн жалгыз уулу болгон
Ысык-Көл облусунда кыз талашып мушташкан жигиттин бири үйдүн жалгыз уулу болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бактуу-Долоноту айылынын тургундары билдирди.
"Каза болгон бала үйдүн жалгыз уулу болчу. Маркум 9-классты аяктагандан кийин Москва шаарына барып келип, үйүндө жүргөн. Анын сөөгү эртең жерге берилет", - деп билдирди айылдаштары.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы эки жигит кыз талашып мушташып, бири каза болгон. Алар Кара-Ой жана Бактуу-Долоноту айылынын тургундары болушкан.
Ысык-Көлдө кыз талашып мушташа кеткен уландардын бири каза тапты
Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Ал эми жигиттер эркекчилик деп мушташты, кана кимисине муйуз чыкты?!! Бирин-бири олтургучо да мушташышабы?!! Бири олду, экинчиси уголовник, тосмо арыз болбосо, сот акыйкат тергесе...