super.kg logo

Улуттук Гвардия: "Бүгүн катуу шамалдан желек учуп кетсе дароо башкасын илебиз"

 

Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткен катуу шамал күтүлөрүн ӨКМ билдирди. Шамал жеңил конструкцияларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет. Андыктан "Ала-Тоо" аянтындагы желек кайрадан учуп кетпеши үчүн Улуттук Гвардиянын басма сөз кызматы алдын ала кандай чараларды көргөнүн SUPER.KG порталына билдирди.

"Негизи Улуттук Гвардия ар кандай кырдаалдардын алдын алат. Бизде дайыма аянтта илинип турган желектен сырткары 2 байрак запаста турат. Ал эми 24-апрелде шамал учуруп кеткен желектин ордуна кайра илели дегенбиз. Бирок шаардык мэрия тарабынан катуу шамал уланарын кабарлап, шамал басаңдаганча илбей турууну айтышты. Ошондон улам байракты таңкы саат 6:00дө илгенбиз. Эгерде бүгүн кокусунан желек учуп кете турган болсо, биз аны дароо эле илип коё алабыз", - дейт басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 24-апрелде катуу шамал орун алып, борбордук аянттагы желек учуп кеткен. Анда желексиз калган борбордук аянтка сүрөтчү Азамат Жаналиев үйүндөгү желегин көтөрүп барган. Ал түнкү саат 12:00дө барып, таңкы саат 6:00дө желек кайра илингенден кийин кеткен.

Бул иши үчүн Азамат Жаналиев Бишкек шаардык кеңеши тарабынан Ардак грамота менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
01.05.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыйраттынар.
туштон кийинби бир окуя болгондон кийин
01.05.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул шамал Албекке каршы болуп аткандай туюлат.Кыйылган дарактардын заары...
01.05.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте же ал жерде эмнеге турганын гвардиячылар билишпейби желекти кайтарып тургандан кийин алып илиш силердин милдетинер и ар бир кыргыз жараны дагы.
01.05.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйраткансып актанышатда эми. Биринчиден мындай кырдаалга даяр эмес болушкан. Бири бирине шылтап актанышат.
01.05.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстандын желегин Улуттук гвардия кайтарса, мэриянын эмне тийешеси бар. Мэрия кайтарбай эле койгула десе кетип каласыңарбы? Ошондо эле эл көзүнө чыгып желекти жыйнап,оңдоп кайра илип койушуңар керек эле. Күндүз кайтарып, түндө дайыныңар жок го. Андай кызматтын не кереги бар? Орусча айтканда «служба показуха». Түндө душмандар келип, желекти түшүрүп, өзүнүкүн илип кетсе деле жата бересиңерби?
s.k.bakyt түзөттү 2018-05-01 19:27:16
02.05.2018. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого уят эле учтубу кайра жанысын алып келип илиш кыйынбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: