super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

 

Бүгүн, 21-июнда  9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги 3-кичи райондун №1-7- 3-10-көп кабаттуу үйлөрүндө, Термечиков көчөсүндөгү №-2- 4-6-8-үйлөрдө, Тойгонбаев, Кузбасский, Атбасарский, Токтогул, Турусбеков, Табышалиев, Жибек Жолу, Күрөңкеев, Араван, Кудрука көчөлөрүндө электр жарыгын берүү убактылуу токтотулат. Ошондой эле ушул эле убакытта Чүй облусундагы Жайыл  районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Кара-Балта, Рабочий, Целинный көчөлөрүндө, Новониколаевка айылындагы  Новостройка, Западный көчөлөрүндө, Кемин районундагы Орловка шаарынын Жеңиш, Ленин көчөлөрүндө, Кемин шаарындагы Жеңиш, Строительный көчөлөрүндө, Төрт-Көл айылынын Центральный көчөсүндө, Алтымыш айылында, Сокулук районуна караштуу Белек, Жыламыш айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, электр энергиясынын убактылуу өчүрүлүшү тармактардын кышкы-күзгү даярдыкка кам көрүү, алдын ала чара көрүү үчүн аба электр берүү чубалгыларынын зым тиректерин алмаштыруу, зымдарды тарттыруу иштерине байланыштуу болот. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: