super.kg logo

ЖЭБдеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыкты

 

Бишкек жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бул комиссиянын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев билдирди.

"Учурда расмий жыйынтык даярдалып, комиссия мүчөлөрү кол коюп жатат. Кол коюлуп расмий жыйынтык даярдалып бүткөндөн кийин депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов Жогорку Кеңештин сессиясында маалымат берет", - деди Масалиев.

Депутаттык комиссиянын дагы бир мүчөсү, депутат Аида Касымалиеванын билдиришинче, жыйынтык эл өкүлдөрү аймактарды кыдырып келгенден кийин жалпы сессияда айтылат.

Депутаттар 2-4-май күндөрү шайлоочулар менен жолугушат.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;

"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.05.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Не деген ХХХХ ХХХХХХ эми булар.Тойбостор.ЖЭБ ге болунгон акчаларды жегендин баарын тизип алып пулёмот менен атыкылап салгым келип атат татыратып.Кыргызстандын келечегин ойлобогон акмактар.Эртен карызды сураса не дейбиз деп мен сарсанаа болуп жатам бул жакта.Тажикстан сыяктуу болгон кен байлыгыбызды беребизби?Биздин ХХХХХкурсактардын айынан.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-02 13:15:43
01.05.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
куноолулорду чекеден камасын анткени булар жеген акчалар элдин моюнуна карыз болуп илинди ачык эле корунуп турбайбы бул жерде кооп акча жешкени кычкач 600$ кондицинерлер 57000$ жана башкалар бишкек мэри А.ибраимов дагы камалыш керек 9800 сомдук кочот деген эмне деген шумдук коз коруно эле жеп жатат ош базардын орттолушу 15000000 сомго жаны жыл откоруусу ушулар боюнча тегроо кылып камаш керек
01.05.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстаным жакшына болуп эле гүлдөп өнүксө болбойт беле аттиң, ушундай жеп жутарлардын айынан бир кылым артта калып кеттик, аз келгенсип жерлерибизди саткандарычы. Өнүккөн өлкөлөрдү карасаң элдери даже кара жумуш кылганда да кыйналбайт, техниканын жардамында аткарат, бир нерсе керек болсо атайын базарга барбайт заказ берет сразу алып келип берет. Биз да ошолордой болуп өнүксөк болбойт беле дейм да
01.05.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттык комиссия дегендин чечими эч нерсе чечбей калган, баарын Президент эле чечип калган, парламенттик деген атыбыз эле бар, калганын бут арака тойгон бироо чечип келди. Эми депутаттык комиссиянын бутумун туалетке баргандарга берип койгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: