super.kg logo
  Саясат  

ЖЭБ чыры: Депкомиссиянын мүчөсү келишимде мүчүлүштүк кетирген чиновниктерди атады

 

ЖЭБди модернизациялоо келишимин түзүүдө ошол учурдагы премьер-министр жана энергетика министри тарабынан бир нече мүчүлүштүктөр кетирилген. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына аталган маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов билдирди.

Нышановдун айтымында, комиссиянын жыйынтыгы жакынкы күндөрү парламенттин жалпы жыйынында тааныштырылат. "Келишим түзүлүп жатканда документтерге кол койгон алгачкы чиновниктерди белгилеп жатабыз. Ошол учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ошол учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, андан кийинки өкмөт башчылар жана министрлер кол койгон документтер каралып чыкты. ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишим түзүү алдында негизги сүйлөшүүлөр Сатыбалдиев менен Артыкбаевдин учуруна туура келүүдө. Келишимде суроо жаратчу бир нече жагдайлар бар. Мисалы, документте "эгер талаш-тартыш жаралса Кытайдын мыйзамына ылайык чечилет" деген талап турат. "Эмнеге мындай талапка макул болдуңар?" десем "Кытай ушул талапка макул болсоңор гана карыз беребиз деген" деп жооп беришти. Бирок мындай сүйлөшүүнү тастыктаган бир да документ көрсөтө алышкан жок. Биз саясий баасын бердик, тиешелүү органдар укуктук бааны берет", - деди Нышанов.

Жогорудагы маалымат боюнча 2013-2014-жылдардагы энергетика министри, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты (КСДП) Осмонбек Артыкбаевге байланышканыбызда депутаттык комиссиянын жыйынтыгын толук окуп чыккандан кийин гана пикир билдире турганын айтты.

Ал эми мурдагы өкмөт Жантөрө Сатыбалдиев менен азырынча байланышуу мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: