Индияда жылан чаккандан кийин эмчи-домчуга кайрылган аял уйдун жампасына көмүлүп, иске ууланып каза болду




Индиянын Уттар-Прадеш штатында 35 жаштагы аял жылан чаккандан кийин уйдун жампасына көмүлүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 35 жаштагы Девендри мешке отун чогултуп жатканда жылан чагып алган. Окуя болгондон кийин аял үйүнө келип, күйөөсү менен акылдашып, жергиликтүү эмчи-домчуга кайрылган. Эмчи-домчу аны уйдун жампасына көмсө ууну соруп аларын айткан. Күйөөсү жубайын элдин көзүнчө жампага көмүп, ага бүбү-бакшы мантра окуган. Бирок арадан 75 мүнөт өткөндөн кийин аял каза болуп калган.
"Биз ууга каршы затты колуна таңып көрдүк. Кийин бүбү-бакшынын айтканы менен уйдун жампасына көмдүк. Мен аны каза болуп калат деп ойлогон эмесмин, аялым жашайт, бул аракетибиз оң натыйжасын берет деп ишенгем. Мындай болору такыр оюма келген эмес", - деген күйөөсү.



Молдон ким экен? Молдолордун жомогун уккум да келбейт.
Мага да күйгөн жараатына уйдун богун балчайтып сүйкөп келгендер болгон. Сынган сөөккө төөнүн жүнүн кайнатып ороп, остеомиелит менен да бейтаптарым бар.
Бул "естественный отбор" дегендей эле. 21-кылым, ар бир келесоонун колунда акылдуу телефон болуп калды. Бирок кээ бирлери ушундай жолду тандашат.
Бирок чынын айтыш керек, арасында бугунку медицина алсыз болгон ооруларды айыктыра алган кучтуу дарыгерлер да болгон, оорулардын сыры менен дары чоптордун касиетин мыкты билген...
Куйук, жылан чагуу мындай турсун, кургак учук, кутурма ж.б. дарттарга дабаа таба алышкан...