super.kg logo
  Саясат  

Аскарбек Шадиев чет өлкөгө чыгып кетти

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев дарыгерлердин сунушу менен операция жасатканы чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу 2-майда SUPER.KG порталына депутаттын жардамчысы Айбек Эрмеков билдирди.

"Аскарбек Шадиев 27-апрель күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Кайсы өлкөгө кеткени жана качан келери тууралуу маалыматым жок, бирок дарылануусу бүткөндөн кийин келет", - деди Эрмеков.

Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган. Буга чейин Шадиев ооруканада дарыланып жатканын, качан чыгары белгисиз экенин анын жардамчылары айтышкан.

Ушул жылы 9-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалган. Сөз болуп жаткан 30 миӊ доллар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына берилчү акча болгон. Бул акча Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп турганда, анын жазган катынын негизинде парламент бюджетинен бөлүнүп, уурдалып кеткени ачыкка чыккан.

Шадиев 30 миң долларды бөлүү боюнча катка комитет жетекчиси катары билбей туруп кол койгонун айтып келет. Бул окуя боюнча 22-мартта Шадиев, 30-мартта Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга суракка чакырылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: