Активист Адил Турдукулов Чек ара кызматын сотко бергени жатат
Жарандык активист Адил Турдукулов чек арадан өтүп жатканда аны көпкө чейин текшерип жатканы боюнча видео жарыялаган.
Турдукулов SUPER.KG порталына билдиргендей, аны чек ара кызматкерлери 2 жарым жылдан бери көп убакытка чейин текшерет.
"Мындай текшерүү биринчи жолу болгон жок. Мен биринчи жолу камерага тарттым. Ал жерде видеокамерага тартууга болбой турганын билем. Бирок 2 жарым жылдан бери чек ара кызматкерлери эмне үчүн кармап жатканын түшүндүрбөстөн ыңгайсыз абалга калтырышат. Менден кийин турган адамдарга дагы ыңгайсыздык жаралат. Мени текшерип жатканда алар дагы кармалып жатат да. Мындай текшерүүдөн улам чек ара кызматкерлери жана жүргүнчүлөр мени кылмышкердей кабыл алышат. Учурда Мамлекеттик чек ара кызматын сотко берейин деп документтерди жыйнап жатабыз", - дейт жарандык активист.
Ал эми бул маселе боюнча аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева Турдукулов кадимкидей эле текшерүүдөн өткөрүлө турганын билдирди.
"Турдукуловго эч кандай өзгөчө мамиле кылынбайт. Текшерүү убагында компьютерде ар кандай тоскоолдуктар болуп, кармалып калышы мүмкүн. Атайын көпкө чейин кармап жатат дегени туура эмес. Бардык эле жарандар ушундай текшерүүдөн өтүшөт", - деди Абдыкариева.
Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат. Эч ким саясий же башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.
Ошондой эле Баш мыйзамдын 51-беренесинде жазылгандай, жарандар Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу.
кошулду
Активист чек ара кызматына нааразы






1 |