super.kg logo

Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгиндеги жерди мыйзамсыз берген деп айыпталууда

 

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын айланасындагы менчикке жана ижарага берилген жерлер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын декабрында Ош шаарынын мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан 1 миң 300 чарчы метр жерди менчикке жана 1 миң 900 чарчы метрди ижарага берүү тууралуу токтом чыгарганы айтылат. Ошол токтомдун негизинде Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгы менчик укугу тууралуу акт жана күбөлүк жазып берген.

"Жер кодексине ылайык, суу фондунун жерлери өкмөттүн чечими менен айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу жана жер участогунун негизги максаттуу багытына каршы келбеген башка максаттар үчүн жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши керек", - деп айтылат маалыматта.

Оштун прокуратурасы эки мекеменин жооптуу кызматкерлерине карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "жер мыйзамдарын бузуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
02.05.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бүттү силердин дооруңар акырын кете бергиле. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков буйруса силерди Атамбаевдей эркелетпейт!Эсиңерден чыкты бы президент айтканы мени эл шайлаган деп?
02.05.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мелис келсин кайра
02.05.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kanybek121195, эн туура!!!

Кадырбекти болсо камаш керек......
02.05.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу С Шарипович ошко М Мырзакматовду алып келин.
02.05.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мырзакматов келсе жакшы болот элге чон пайдасы тийди ошту кичине бутуна тургузуп койду эле
Кыдык келип тырындайт элге бир пайдалуу нерсе кылбады жаны президент келип мусор чогултумуш болотго
02.05.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мырзакматов кайра болсун дегендер +баскыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: