super.kg logo
  Спорт  

"EREM" командасынын оюнчусу Эмил Канетов футзал боюнча Өлкө биринчилигинин мыкты оюнчусу болду

 
Сезондун мыкты оюнчусу Эмил Канетов
Турнирдин бомбардири Максат Алимов
Мыкты коргоочу Манас Абдрасул уулу
Мыкты машыктыруучу Канимет Аралбаев
Мыкты дарбазачы Фируз Бекмуродов
Плей-оффтун мыкты оюнчусу Азат Исабеков
Мыкты чабуулчу Эркин Нуржанов
Мыкты жаш оюнчу Арстанбек Турсунов

Футзал боюнча Өлкө биринчилигинин мыкты оюнчусу деп "EREM" командасынан Эмил Канетов аталды.

30-апрелде футзал боюнча Өлкө чемпиондугунун финалында Оштун "ЕREM" командасы бишкектик "Алганын" үстүнөн жеңишке жетип, катары менен 2-ирет чемпиондукту камсыз кылган. Мелдештин жыйынтыгында футбол федерациясы мыкты оюнчуларды аныктады.

2017-2018-сезондун жыйынтыгында "EREM" командасынан Эмил Канетов сезондун мыкты оюнчусу аталса, Максат Алимов турнирдин бомбардири болду, ал эми Манас Абдрасул уулу мыкты коргоочу аталды.

"Алга" командасынан мыкты машыктыруучу наамына Канимет Аралбаев татыса, Фируз Бекмуродов мыкты дарбазачы болуп, Азат Исабеков плей-оффтун мыкты оюнчусу аталды.

Ал эми мыкты чабуулчу наамын "Фарватер" клубунун оюнчусу Эркин Нуржанов болсо, мыкты жаш оюнчу деп "Жакшылык" командасынын оюнчусу Арстанбек Турсунов аталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.05.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бамбардир дегенде Алимов эске тушо турган болду
02.05.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга менин командам!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: