super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте балдар аянтчасына бирөөлөр контейнер коюп, жанына балдар ойнобосун деп дөңгөлөктөрдү өрттөштү" дейт окурман

 

"Бишкекте балдар аянтчасына бирөөлөр контейнер коюп, жанына балдар ойнобосун деп дөңгөлөктөрдү өрттөштү" деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлады.

"Бишкек шаарындагы Аскер шаарчасындагы Патрис Лумумба көчөсүндөгү балдар аянтчасына бирөөлөр контейнер коюп алышты. Ал жерди унаа оңдоочу жай кылышат окшойт. Учурда ширетүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул биздин балдар футбол ойной ала турган жалгыз талаа эле. Анын ортосуна балдар ойнобосун деп дөңгөлөктөрдү өрттөп салышты. Мэриядан ушул ишти карап, чечип беришсе жакшы болот эле", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: