super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкекте мас абалында 2 жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуга айып салынып, унаасы айып аянтчасына токтотулду

 

Бишкекте мас абалында 2 жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуга айып салынып, унаасы айып аянтчасына токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 2-майда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, Honda Stream унаасынын айдоочусу медициналык текшерүүдөн өткөндө мас абалында болгону аныкталган. Ошондой эле жол кырсыгынан эч ким жаракат алган эмес.

"Окуя кечээ, 1-майда саат 21:00 чамасында болгон. Анда Honda Stream үлгүсүндөгү унаа Ахунбаев көчөсү менен жогору көздөй катуу ылдамдыкта келе жатып Манас кең көчөсүнө жетпей жолдун жээгинде токтоп турган Lexus RX330 унаасын артынан сүзүп, ал унаа алдында турган Daihatsu унаасын сүзгөн. Мындан сырткары ал Ахунбаев Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир унааны сүзүп качып кеткени белгилүү болгон. Айдоочуга жеринен административдик протоколдор толтурулуп, унаа айып аянтчасына токтотулган. Учурда тергөө иштери улаанууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Бишкекте мас айдоочу бир жол кырсыгына себепкер болуп качып келип, дагы бир унааны сүзүп алды деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө маалымдаган эле.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.05.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Протокол толтурулду болот, айып толонот, ошону менен бул окуя унутулат...

Эгер бизде да мас айдоочуларды алгач 3 жыл, повторно кармалса 5-7 жыл унаа айдоо укугунан ажыратса, айдорчулар ойлонуп айдап калмак. Анткени унаа менен ар дайым жургон адам жоо жургондо кызыктай болуп калат. Ар дайым атчан журуп аты жок жоо калган немедей...

Бизде болсо пара менен ишти жаап коюп жатат протокол ж.б.жеткирбей, анан кайра эле мас унаа айдап жургон болот.

Буга чара корбо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: