Декларация: Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев 2012-жылы 509 190 сом киреше тапкан

КРнын Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев 2012-жылы негизги иш ордунан 509
190 сом киреше тапкан. Бул маалымат анын бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү
тууралуу тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Ошондой эле ага таандык 183
чарчы метр аянтты ээлеген бир үй бар экендиги аталган документте жазылган. Декларацияда
Абылгазиевдин унаасы жана жакындарынын кирешеси
тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

