super.kg logo

Караколдогу төрөтканадан 4 ымыркайга жугуштуу оору жугуп, алар майып болуп калышты

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы төрөткананын дарыгерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук прокуратурасына Каракол шаарындагы төрөтканадагы дарыгерлер алардын ымыркайларына "остеомиелит" жугуштуу оорусун жуктуруп, алар майып болуп калганын айтып 4 адам арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу аталган төрөтканада текшерүү иштери жүргүзүлүп, арыз менен кайрылган 4 адамдын балдары ошол төрөтканада төрөлгөнү, кийин баарына "остеомиелит" жугуштуу оорусун жуктуруп алышкан деген диагноз коюлганы белгилүү болгон.

"Дарыгерлер өз милдеттерин так аткарып, ал ооруну убагында байкап, дарылабаганы үчүн ал оору күчөп балдар майып болуп калган. Алар азыр мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер катары каттоого алынган. Учурда бул төрөтканада төрөлгөн башка балдарды да текшерүү иш-аракеттери жүрүп жатат.

Бул факты боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 119-берене (медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы) жана 316-берене (шалаакылык) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө үчүн тийиштүү органдарга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
02.05.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ишинерге бекем болсонор болмок,адамдын журогун оорутпай.
02.05.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Алла сактай кор
02.05.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ишиниердин так аткаргылачы сураныч
02.05.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен биринчи роддомдо төрөдүм баламды

толготуп род залга чыгарып бир комнатасына киргизип койду
менден мурун бирө төрөп чыкканго дейм щприц каандары арчылбай туруптур акущерка менен санитарка уктап атат каридордо
жолдошум акущерканы ойготуп карап койбойспу деп акча суунса таштап кой стулга деп уктап калды деп кайра уктап калат экиде башталган толгом алтыга чейин күйөм экөбүз эле залда таңга жуук көзүн ушалап санитарка менен акущерка кирдида ыйынгың келсе айт деп чыгып
tmttmt түзөттү 2018-05-02 22:22:29
02.05.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кетип калган ошондо араң санитарка жыйынды тазалап таң аткыча туурду ошо кан латок щприцтер ошондо аябай кооптонгом оору жуксачы балама ушул бойдон төрөсөм деп
төрөдүм бирок андада шашып мени карабай үйлөрүнө шашышты ошентип бир өлүмдөн калып ойгондум көзүмдү ачсам реаниматциядамын көкүрөгүмдө жаткан балам жок
көрсө тону калып кетип кровотечения ачылып кетип операция менен алты саатта зорго аман алып калышыптыр 20дай врач корком азыр титирейм кадимкидей роддом акущерка десе текшерүүнү кү
tmttmt түзөттү 2018-05-02 22:22:47
03.05.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tmttmt,Уяты жоктор менида айтпастан туптуз кроватка жаткырып эле торотуп койушту.Кудай сактап аман эсен тородум.Ишенсенер азыркы врачтар кооп калган.Айлык аз деп койушат.Балеегеби алгандары 1000 сомдон жогору бизден. 7 мин акчам кетти.Эл катары даже алардан да начар комнатада торотту.Бирок алардын 1000 сомдой эле акчасы кет
иптир
03.05.2018. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торотуп атып телефон кулагында айтайын десен озун уялат экенсин эми ал себепчида омурумо.Жаман карап койотбу деп айтпадым.4 тен суйлошуп атышат ар нерсени.Менин баламын тонун жарып атып тороткончо раса жиним келди сабыр кылдым.Буларды камерага тартып иштен айдаш керек шалаакыларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: