super.kg logo
  Саясат  

Исхак Масалиев: "Иликтөөдө ЖЭБ боюнча тиешеси бар бардык адамдардын аттары аталат"

 

Жакында Бишкек ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу чыкканы белгилүү болду. Буга байланыштуу "ЖЭБди модернизациялоодо жаралган күмөндүү ишти иликтеген депутаттык комиссия элдин ишеничин актайбы?" деген суроо жаралууда.

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат, аталган комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев бул суроого төмөнкүдөй жооп берди.

"Мен комиссиянын жыйынтыгына кол коюп бердим. Депутаттык комиссия бул күнөөлүү деп атай албайбыз, антип айтууга укугубуз жок. Бардык нерсени сот чечет. Биз иликтеп тийиштүү документти тийиштүү органдарга беребиз. Иликтөөдө ЖЭБ боюнча тиешеси бар бардык адамдардын аттары аталат. Жогорку Кеңешке жооп бере турган бул премьер-министр. Эгер өкмөт башчылардын тиешеси болсо, кызматынан алынат, бирок ал убактагы премьерлердин баары эле кызматынан кетишпедиби. Азырынча "ал депутат минтти, бул депутат минтти" деген туура эмес, аз күндө расмий жыйынтык чыгып калат", - деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Сайдулла Нышанов, экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев, энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: