super.kg logo
  Саясат  

Төрөбай Зулпукаров "ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия түзүлгөндөн кийин чиновниктерге кылмыш иши козголо баштады" дейт

 

Бишкек ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу чыкканы белгилүү болду. Буга байланыштуу "ЖЭБди модернизациялоодо жаралган күмөндүү ишти иликтеген депутаттык комиссия элдин ишеничин актайбы?" деген суроо жаралууда.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров бул суроого төмөнкүдөй жооп берди.

“Депутаттык комиссиянын корутундусун мен окуй элекмин, комиссиянын чечимин окугандан кийин гана бир нерсе айтсак болот. Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени көтөрүп комиссия түзүлгөндөн кийин бир топ жогорку кызматтагы адамдарга кылмыш иши козголуп, аткаруу бийлиги, укук коргоо органдары реакция жасай башташты. Муну депутаттык комиссиянын жыйынтыгы деп бааласак болот. Мамлекет башчысы да бул маселеге көңүл бурганы сезилип турат. Депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыкса, ошого карап биз тийиштүү органдарга укуктук баа бергиле деген сунуш беребиз”, - деди Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Сайдулла Нышанов, экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев, энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: