super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаардык балдар ооруканасын таракандар каптап кеткен, санитардык абал сакталбайт, балдардын кулак-мурдуна кирип кетет" дейт окурман

 

"Ош шаардык балдар ооруканасында таракандар балдар менен кошо уктап, бирге тамак жешет, санитардык абал сакталбайт, таракандар балдардын кулак-мурдуна кирип кетет", - деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлады.

"Бул абалды айтып арызданган ата-энелерге, оорукананын кызматкерлери "корксоңор түндө светти өчүрбөй жаткыла, ошондо таракандар чыкпайт" дешет. Жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан балдар айыкпай эле кайра ооруп чыгышууда. Бул оорукана курулгандан бери оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлө элек окшойт. Санэпидемстанциядан келишти деп тамак, чай көтөрүп башкы дарыгердин кызматтык бөлмөсүнө дарыгерлер чуркап калышат. Андан көрө тазалык менен шартты бир аз карап коюшса болмок. Санэпидемстанциянын кызматкерлери башкы дарыгер менен чайлашканы эле келишеби, билбейм. Келгенден кийин оорукананын ичин жакшылап карап текшербейби.

Андан сырткары жугуштуу оорулар бөлүмүндө жалгыз эле электр меши иштейт. Ата-энелер чай кайнатып же тамак жылытыш үчүн 24 саат кезек күтүшү керек. Айтор, бул ооруканадагы балдар менен энелердин шартына караганда абактагы кылымышкерлердики дурус", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Ошто оорукананы каптаган таракандар

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
02.05.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында абал аябай кейиштуу.Биз да жакында эле жатып чыктык.Таракардардан балдарды корууп эле коркуп укташпайт мамашалар.
02.05.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул таракандар мурдатан бери эле бар. Жоголгон эмес, жоголбойт. Уже балдарыбыз чоноюп калбадыбы, балам жаткан убакта деле болчу.
02.05.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи тамак ашты палатага койбош керек, кайра кучойт. Бирок сыртта тамак аш койчу шарт деле жок.Муздаткычтар аз.
02.05.2018. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизда жатып чыктык абалы мышык ыйлагыдай
02.05.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marmiladka9,туура айтасыздар мен жацда досумдун баласын коргону барып,кроваттардын бутуна ак резиновый банкаларга жапчуу крвшкпларды коруп ээсим ооган анын ичи да толо киир,чаан микроб тоолтура.Чагымда жылбасын,кыйчылдабасын деп ошентсе керек менимче.Бир стул жыгылайын деген бурчта тундосу ошого бутумду коюп дубалга жолонуп уктап жатам деген досум экоо батпай тем более куйуп калган аяп этият кылып уулун
02.05.2018. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа туптуура мен да былтыр жатканымла тим эле таракандар жугуруп журчу.Кундузубу тунубу журо берет эле.Чай кайнаткан жери обычный плита и алюминийвый чайнек жок дегенде чон термоз коюп койбойт.Ал эми текшергендер келсе чай коюп чонтогуно салып коет кичине алар даже палатага кирип карап койбойт!!!
03.05.2018. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык аймакта ушул койгой окшойт. Айла жок болгон учун жатабыз ошол таракан баскан ооруканага
Медиа-портал
03.05.2018. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оштуку дагы жакшы Баткендикин корбопсунор. Ал жер ужас мындан да коп. Антисанитария туалет сыртында толуп калган бут коерго жер жок. Больницада суу акпайт. Кудай сактаа негизи оорубаш керек
04.05.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында бул ооруканадан жатып таракандар менен алышып, тан аткыча коркуп уктабай чыккандан коро жатпай эле койгон жакшы.Дарыгерлер да санитаркалар да беш колдой билишет таракандардын толуп кеткенин,эч кандай чара корушпойт, башкалардай кааналарды хлорка же башка химикаттар менен тазалашпйт.Ошого таракандары семрип балалуу-чакалуу болуп оорукананы ээлеп отурукташып калышкан.Азыр адамга зыяны жок химиялык порошоктор толтура таракандарга каршы.Биз да жатканбыз ал жерге. Кошмар жонле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: