super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "ЖЭБдеги кырсык боюнча күнөөм жок, далилдей алам"

 

Бишкек ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу чыкканы белгилүү болду. Буга байланыштуу "ЖЭБди модернизациялоодо жаралган күмөндүү ишти иликтеген депутаттык комиссия элдин ишеничин актайбы?" деген суроо жаралууда. Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бул суроого төмөнкүдөй жооп берди.

"ЖЭБде авария болгондо эле "бул боюнча мамлекет тарабынан кесипкөй комиссия түзүш керек" деп журналисттерге айткам. Кийин гана баа бериш керек. Өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы, парламенттин депутаттык комиссиясы бул боюнча иш алып барды.

Күнөөлүүлөргө УКМК менен прокуратура гана чара көрө алат. Ошолор гана аттарын атайт. Депутаттык комиссия саясий гана баа берет. Бирок депутаттык комиссиянын ишмердигинде саясий кызыкчылыктар бар экенин көрө алдым. Менин колумда бардык документтер бар. Күнөөм жоктугун далилдей алам. Андан сырткары жаңы курулган агрегаттар жакшы эле иштеп жатат", - деди Сатыбалдиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Төрөбай Зулпукаров, Сайдулла Нышанов жана энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: