super.kg logo
  Саясат  

Сайдулла Нышанов ЖЭБдеги кырсык боюнча: "Биз саясий баа бердик, тиешелүү органдар укуктук бааны берет"

 

Бишкек ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу чыкканы белгилүү болду. Буга байланыштуу "ЖЭБди модернизациялоодо жаралган күмөндүү ишти иликтеген депутаттык комиссия элдин ишеничин актайбы?" деген суроо жаралууда.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат, аталган комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов бул суроого төмөнкүдөй жооп берди.

"Келишим түзүлүп жатканда документтерге кол койгон алгачкы чиновниктерди белгилеп жатабыз. Ошол учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ошол учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, андан кийинки өкмөт башчылар жана министрлер кол койгон документтер каралып чыкты. ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишим түзүү алдында негизги сүйлөшүүлөр Сатыбалдиев менен Артыкбаевдин учуруна туура келүүдө.

Келишимде суроо жаратчу бир нече жагдайлар бар. Мисалы, документте "эгер талаш-тартыш жаралса Кытайдын мыйзамына ылайык чечилет" деген талап турат. "Эмнеге мындай талапка макул болдуңар?" десем "Кытай ушул талапка макул болсоңор гана карыз беребиз деген" деп жооп беришти. Бирок мындай сүйлөшүүнү тастыктаган бир да документ көрсөтө алышкан жок. Биз саясий баасын бердик, тиешелүү органдар укуктук бааны берет", - деди Нышанов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Төрөбай Зулпукаров, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: