Динара Молдошева Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча кызматтын төрайымы болду
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын төрайымы кызматына Динара Молдошева дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин 2016-жылдан тарта аталган мекемени Досалы Эсеналиев жетектеген. Ал азыр президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп иштейт.
Өмүр баяны:
Молдошева Динара Автандиловна 1979-жылы 24-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарчасында төрөлгөн.
2007-2010-жылдары - Жогорку Кеңештин депутаты;
2011-жылы - Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары;
2011-2012-жылдары - өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү;
2014-жылы - Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.


Анткени бийликтеги кадрлар алмашканы менен, бир коррупционер жетекчи кызматиан кетсе, ордуна башка коррупционерлер келуудо... Окмоту деле, башкасы деле ошол эле кадрлар, Бакиев, Атамбаевин тушунда иштеп, эч бир эмгеги менен элдин эсинде калбагандар...
Кийин сотторду тандоо кенешинин мучосу болуптур. Эми булар тандаган соттордун денгээлин Садыр Жапаров, Текебаев, Ч.Жакупова ж.б.соттук процесстеринде коргонбуз.
Окмоту болсо тиги, мурункулар эле бийликте калды, 3-4 министр алмашпаса... Окмот жетекчиси болсо кызматка киришип киришпей жатып эси-дарты, туйшугу Кочмондор оюнун откоруу... Бул жакта кекиртегибизге чейин карызга батып турсак, чуулуу коррупциянын бети толук ачылбай турса, бул киши талаага акча чачуунун аракетинде... Мына Сокение бийлиги....