super.kg logo
  Саясат  

“Мен агыман жарылам” деген акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн жарылганга даяр экендигин билдирди

 

“Мен агыман жарылам” деген акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн, 21-июнда жарылганга даяр экендигин билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчынын жылдык отчёту  угулмак. Айтымында, ал кечээ жарылууга даяр болчу. “Бирок мага аны жасаганга жол беришкен жок”, - дейт акыйкатчы. Эске салсак, кечээ, 20-июнда ЖКда акыйкатчынын ишмердүүлүгүн жана аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы жок болгондуктан, акыйкатчынын отчётун кароо кийинки жумага жылдырылган. Мындан улам Турсунбек Акун өз оюн жана Батукаевдин иши боюнча өз көз карашын, премьер-министрдин, башкы прокурордун, президенттин жана башкалардын ишмердүүлүгү тууралуу оюн билдирүү үчүн бүгүн, 21-июнда маалымат жыйын берерин маалымдады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: