super.kg logo

Арменияда бийлик партиясы премьерликке оппозиция талапкерин колдоого макул болду

 

Армениядагы кезектеги премьер-министрди шайлоо күнү 8-майга дайындалды. Бүгүн, 3-майда оппозициядан элдик толкундоолорду жетектеп жаткан Никол Пашиняндын талапкерлиги көрсөтүлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ваграм БагдасарянМаалыматка ылайык, 2-майда Армениянын бийликтеги "Республика" партиясы жыйын өткөрүп, премьерликке талапкер көрсөтпөө жана оппозициянын талапкерин колдоо чечимин кабыл алды. "Парламент депутаттарынын үчтөн бири (кеминде 35 депутат) сунуштаган талапкерди колдоп беребиз. Биз талапкер чыгарбайбыз. 8-май күнү Арменияда мыйзамдуу түрдө шайланган өкмөт башчы болот", - деди парламенттеги "Республика" фракциясынын лидери Ваграм Багдасарян.

Премьер-министрликке талапкер Никол ПашинянОшондой эле Багдасарян митингчилерди жолдорду жаппоого, мыйзамдуулукту сактоого чакырды. Оппозиция лидери Пашинян да тарапташтарын 3-май күнү митингдер уюштурулбай турганын жарыялады. "Эми биз кезектеги премьер-министрди шайлоого даярданабыз. Ал күнү митингге 250 миң адам эмес, 500 миң адам чыгышы керек. Менин фейсбуктагы баракчамды күзөтүп тургула. Иш биз пландагандай өнүкпөсө жаңы чакырык жазылат", - деди оппозиция лидери.

Белгилей кетсек, Арменияда 1-майда премьер-министрлик шайлоо болуп, жалгыз талапкер болгон Пашинян керектүү добушту чогулта алган эмес. Эми ал экинчи ирет талапкер болуп чыкмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.05.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Демократия деп ушуну айтат.
03.05.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздикилерге окшоп лидерин камап 2 ай тергоо болот деп созуктуруп ошодон ары жок кылып жугорсо болмок. Бийлиги биздин бийликтен сабак алса болот экен. Элди башкаруу (алдоо) боюнча.
03.05.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ilbirs,ооба ушул киши да кресло керек болгону даана корунуп жатат ошончолук куйунсо озуно ишенген адамды талапкер койбойбу канча адамдын каны кыйылып жатат .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: