Нарында 19 жаштагы тургун эшектерди уурдап жүргөн деп кармалды
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун 19 жаштагы тургуну эшектерди уурдап жүргөн деп кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкор РИИБине Кара-Күңгөй айылынын үч тургуну арыз менен кайрылышкан. Арызда ушул жылдын 17-апрелинен 18-апрелине караган түнү арыз ээлеринин короосунда байланып турган эшектерди белгисиз жаран уурдап кеткен. Мындан улам айылдан бир түндө үч эшек жоголгон. Жогорудагы фактылар боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кочкор районунун Кара-Саз айылынын 19 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
2

Бир жагынан күлкүң келсе, бир жагынан бооруң ачыйт.
Эр азамат жигиттин ушул кылганы туурабы?