super.kg logo

"Жер тилке алып берем" деп таанышын алдап акча алып жүргөнгө шектелип 51 жаштагы аял кармалды

 

Бишкектин 51 жаштагы жашоочусу жер тилкесин алып берем деп алдамчылык жол менен акча алып жүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын март айында милицияга борбор калаанын жараны арыз менен кайрылган. Жабырлануучу өз арызында чала тааныш адамы андан 2016-жылдын ноябрында Чүй облусунун аймагынан жер тилкесин алып берем деп 145 миң сом алганын жазган. Бирок берген убадасынын мөөнөтү өтүп кеткен. Ошондой эле шектүү алып берем деген жер тилкеси турак жай салуу үчүн эмес, айдоо багытындагы жерлер экени белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 51 жаштагы И.А. аттуу аял кармалган. Сот шектүүнү 1-СИЗОго камоо тууралуу баш коргоо чарасын караган.

Ошондой эле маалыматта кармалган жаран башка дагы кылмыштарга шектелип жатканы айтылат. Эгер сүрөттөгү адамдан жабыр тарткандар болсо, милицияга 0551 10 28 05, 0701 41 15 09 номерлери аркылуу кабарласа болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.05.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Козун жаап койупсунар дагы ушул айалдан жабыркагандар болсо кайргылгыла депсинер.козун жаап койсонор эл ХХХХХХХ коруп танышат окшойтко э
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-03 11:57:27
03.05.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janyjol.86,
03.05.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундайлардан кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: