super.kg logo

Сокулукта дайынсыз жоголгон төрт жаран изделүүдө

 

Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 4 жаранга издөө жарыялайт.

Сокулук РИИБинин маалыматына ылайык, Акжол кызы Айзада Чүй облусунун тургуну. Ал ушул жылдын 16-мартында Сокулук районундагы кризистик борборунан чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Өзгөчө белгилери: бою 145-150 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кыска жана көзү күрөң түстө. Ошол күнү үстүнө кара түстөгү күрмө, ак футболка, көгүш түстөгү жынсы шым, бутуна ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Сокулук РИИБи тарабынан 1945-жылы туулган Чүй облусундагы Манас айылынын тургуну Жусупбекова Үмүткүл Ахмедисановна изделүүдө. Ал 2014-жылдын 25-октябрында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

Сокулук РИИБи тарабынан 1956-жылы туулган Нарын облусунун тургуну Турдумбаев Ырысбек Карагулович изделүүдө. Ал 2004-жылы Сокулук районунун Камышановка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Сокулук РИИБи тарабынан 1948-жылы туулган Бекбоев Жаныбек Андарбекович изделүүдө. Ал ушул жылдын 18-мартында Сокулук районунун Дөң-Алыш айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, көзү көгүш түстө. Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү күрмө, кара шым, бутунда күрөң түстөгү бут кийим, башына кара кепка кийип жүргөн.

Сокулук РИИБи сүрөттөгү адамдарды көргөн-билгендер болсо, төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөт. 0 (312) 60-75-67; 0 (558) 86-14-86; 0 (707) 43-41-70.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: