super.kg logo

Жогорку Сот журналистке Атамбаевге миллиондогон сомду бөлүп төлөөгө тыюу салган чечимди жокко чыгарды

 

Жогорку Cот журналист Нарын Айыпка салынган айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн кайрадан карап чыгуу чечимин кабыл алып, ишти артка кайтарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын Айып өзү билдирди.

Айыпталуучунун айтымында, ага карата доо арыз негизсиз берилген. "2017-жылдын башында акыйкатчы сөз эркиндигине байланыштуу тегерек стол өткөргөн. Анда адвокат Чолпон Жакупова "журналисттерди сотко берген иштер көбөйүп кетти. Бул кишини токтото турган бирөө барбы?" деп айткан. Бирок анын сөзүндө эч кимдин аты аталган эмес. Анын бул пикири "Заноза" сайтына чыгарылган. Ошол маалымат себеп болуп, Чолпон Жакупованын, сайттын негиздөөчүлөрү деп мени менен Дина Маслованын үстүнөн доо арыз берилди.

Бул жерде биз жөн гана Жакупованын сөзүн өзгөртүүсүз чагылдырганбыз. Бизди сотко берүү туура эмес болгон. Кийин сот үчөөбүзгө жана сайтка кошо 3 миллион сомдон айып салды. Райондук жана шаардык соттор акчаны бөлүп төлөөгө уруксат бербей коюшкан. Жогорку Сот бөлүп төлөө маселесин кайра кароо керек деген жыйынтык чыгарды. Эми кайсы сот карап, кандай болуп чечилет мен да билбей турам", - деди Нарын Айып.

Буга чейин Жогорку Сот 23-апрелде ушул эле иш боюнча Дина Маслованын жана 19-апрелде Чолпон Жакупованын иштерин артка кайтарган.

Айта кетсек, 2017-жылы Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон. Октябрь райондук жана шаардык соттор доо арызды канааттандырышкан, ал эми бул миллиондогон сомдук компенсацияны бөлүп төлөө боюнча өтүнүчтөрдү четке кагышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.05.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизсиз айыптоо!!!! Биздин олко демократиялыкпы, демек, буларга тагылган куноо негизсиз. АШАнын озун доого жыгуу кк, за моральный и психологический ущерб
03.05.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
АША биз сизди колдойбуз. Бар болунуз.
03.05.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаздын доору бутподубу
03.05.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эптеп эле АШАнын артына суу куйду кылып жатышат. Убакыт коргозот кимдин ким экенин. Азыркы АШАны жамандап жаткандын баары убагында АШАнын камчысын чаап жургондор болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: