Бишкекте 8 жашар кызды үйүнө алдап алып барып, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганга шектүү адам кармалды
"Дордой" базарына жакын жердеги жаңы конушта 8 жашар кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди көрүүгө аракет кылган деп шектүү киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан бүгүн, 3-майда билдиришти.
Маалыматка таянсак, окуя кечээ, 2-май күнү кечке маал болгон.
“Ал кызды момпосуй берем деп алдап үйүнө алып барып өөп жаткан учурда кыз качып чыккан. Үйүнө барып болгон ишти апасына айтып берген. Кыздын апасы бул окуя тууралуу дароо милицияга кайрылган. Учурда кылмышка шектүү кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатат”, - деп билдирди басма сөз кызматынан.
кошулду
8 жашар кызды зордуктоого аракет кылган деп шектүү адам кармалды
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-2

Элге ынсап бере көр Жаратканым??????