"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Оштогу оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык ремонтко жабылат" дейт бөлүм башчы
"Ош шаардык балдар ооруканасында таракандар балдар менен кошо уктап, бирге тамак жешет, санитардык абал сакталбайт, таракандар балдардын кулак-мурдуна кирип кетет", - деген билдирүүнү окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.
Жогорудагы маселе боюнча Ош шаарындагы стационардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Кайрат Абжалов бул маселе менен тааныш экенин айтып төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Сиздерде жарыяланган кабарды окуган соң бул маселеге тиешелүү адамдарды чогултуп, чогулуш өткөрүп атайын тапшырмалар берилди. Негизинен аталган ооруканада ай сайын 2 жолу атайын кызматтар келип келемиштерге жана таракандарга каршы тазалоо иштерин жүргүзүп кетишет. Ал кызматка айына 11 миң сом каражат бөлүнөт. Оорукананын имараты эски, буга карабастан бардык талаптарды сактаганга аракет кылабыз. Азыркы тапта тендер жарыяланып май айынын аягында оорукана капиталдык ремонтко жабылат деп турабыз", - дейт Абжалов.
Мындан сырткары бөлүм башчы ал жетектеген бөлүм жугуштуу оорулар бөлүмү болгондуктан санэпидемстанциянын кызматкерлери байма-бай келип ооруларды изилдеп турушарын кошумчалады.
Ошто оорукананы каптаган таракандар



1 |