Бүгүн футбол боюнча Өлкө чемпиондугунун алкагында "Нефтчи" - "Кара-Балта" беттеши орун алат

Бүгүн, 3-майда футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 6-туру старт алат. Анда Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" "Кара-Балта" командасын кабыл алат.
"Нефтчи" стадионунда орун ала турган беттеште калыстыкты Бахадыр Кочкаров аркалайт. Беттеш саат 16:30да орун алат.
Кочкор-аталык "Нефтчи" 5 турдун жыйынтыгында 8 упай менен 4-орунда келе жатса, "Кара-Балта" командасы 5-турда алгачкы жеңишине жетип, 3 упай менен 7-орунга жайгашты.
Топ-Лиганын 6-туру 5-майда Бишкек шаарында "Илбирс" - "Алга" жана Кант шаарында "Абдыш-Ата" - "Академия" беттештери менен уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.