super.kg logo

Бишкек шаарынын абасын ЖЭБден жана унаалардан чыккан түтүн булгайт

 

Бүгүн, 3-майда "Абанын булганышы – Кыргыз өлкөсү эмне кылышы керек?" деген талкуунун үстүндө тегерек стол өттү.

"Ачык асман" экологиялык кыймылынын демилгечиси Эрмек Адылбековдун уюштуруусунда өткөн тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Евгения Строкова катышып, өз ойлорун ортого салышты. Мындан сырткары Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин профессору, эколог Майкл Броуди абанын булганышы боюнча презентациясын көрсөтүп, дүйнө өлкөлөрүнүн мисалында Кыргыз өлкөсү кантип таза шаарга айланса боло турганын айтты.

"АКШда булганыч аба менен күрөшүүнүн бир жолу - унаа чыгарган заводдорду жөнгө салуу. Өндүрүш тармагында канчалык атаандаштык күч болгон сайын ал анын сапатына таасирин тийгизет. Колдон келсе экологияга зыянын тийгизбеген унааларды пайдаланышыңар керек", - деди Броуди.

Талкуу чордонунда дүйнөдө 7 миллион адам аба булганычынан көз жумганы айтылып, булганган аба рак, астма, инсульт жана жүрөк ооруларын пайда кылары белгилүү болду. Ал эми Кыргыз мамлекетинде башка мезгилдерге салыштырмалуу кыш жана күз айларында аба булганычынын көрсөткүчү жогору турары айтылды. Ошондой эле унаалар сапаттуу күйүүчү май колдонуп, электр энергиясына болгон бааны арзандатууну, кышында үйлөрдү көмүр жана башка синтетикалык каражаттардын ордуна электр энергиясы менен жылытуу сунушталды. Бишкектин абасы ЖЭБден жана унаалардан чыккан түтүндөн булганып жатканын тегерек столдук катышуучулары кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.05.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГБО орнотууга мамлекет жардам берсе анча жеңилдик болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: