super.kg logo

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, президентке кайрылды

 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Бул тууралуу 3-майда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оторбаев Жээнбековдон Конституциянын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгына карата Текебаевге ырайым кылууну суранды.

Акыйкатчы бул ырайым жасоо кадамы президенттин Конституциянын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 4-бөлүгүнө ылайык келерин белгилеген.

"Өмүрбек Текебаевдин өмүрү жана анын коопсуздугу бүгүнкү тапта, каалайбызбы же жокпу, мамлекеттик маанидеги олуттуу маселеге айланды. Анын көз жаздым болуп кетишине, ачыгын айталы, айрым агымдар, башка үчүнчү күчтөр да кызыкдар болушу ыктымал. Кол салуу же башка окуялар болуп кетсе анын жоопкерчилиги азыркы бийликтин, анын туу чокусунда турган ажобуз, сиздин абийириӊизде калары жашыруун эмес.

Ошондон улам Өмүрбек Текебаев ал жаткан бөлмөгө видеокамера коюлганына өзү түп насилинде каршы болуп турса да, аргасыздан макул болуп отурат. Ким эле 24 саат бою "түз эфирде" жашагысы келсин?! Бул психологиялык басым, кыйноо. Өмүрбек Текебаев ден соолугуна тынчсызданып, кадимки бийик сапаттагы кызмат көрсөтө турган ооруканалардын биринде дарыланууну суранып келе жатат. Сооронбай Шарипович, Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранам", - деп жазылат акыйкатчынын кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(23)
03.05.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Чыгарыныз биздин жол башчыбыз,биз сизге ишеним артып турабыз.Текебаев эркек саясатчы!озунун бекем принциби бар,коркпогон,качпаган,мыкты юрист,мыкты ата!баарыбызга белгилуу факт жок эле саясий буйрук менен камалып кетттии.....
03.05.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эң туура айтылган Президент Атамбаевден коркбой эле чыгарып койсо тарыхта калат эле
03.05.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Садыр Жапаровду ойлогон жан барбы.

Бектур Асановду ойлогон жан барбы.

03.05.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
KAYRATBEK,Сабыр Жапаров чыкты го
04.05.2018. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
KAYRATBEK,бектур асановун жапаров текебаевтин астында алда канча башка адам.тууганы окшойсун
04.05.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайратбек бектур асановду айтпачы аны камаш керек Кыргызга куйбогон адам ал.Озбектер Кыргыздарды жамандап кыйкырып жатканда оозуна талкан салып олтурган ундобой
03.05.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Ар бир жаран болобу чет элдик жаран болобу кылган кылмыштарына мыйзамдуу турдо жооп бериш керек . Кыргызстан онуккон коррупция менен курошкон олко аталгыбыз келсе анда биз даана ушул жогорку кызматтагы чиновниктердин кылмышын жашырбастан мыйзам жообуна тартсак биздин онугууго болгон кадамыбыз десек болот . Кыргызстанда дагы эле бар коруупция болбосо акыйкатчы ака эмнеге чуркайт безилдеп .Ким болбосун баары мыйзам алдында бирдей болушу шарт .Оор Кылмышка мунапыс берилбейт
Atas түзөттү 2018-05-03 16:15:44
04.05.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Atas,деп ойлойсуз?
04.05.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Atas, бирок туура эмес ойлоп алыпсыз,озунуз жазып жаткандай "кылган" кылмыштарына, кулбаган эмес.
03.05.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Текебаевди саясий багытта камап салды. Ачык айкын да күнөөсүн тактап бере алышкан жок. Сот буйрук менен иштеди.
03.05.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кубат Оторбаев сизге чон рахмат! Акыйкатсыз камалганын коруп турса да унчукпай отурган чиновниктер аман эле болсун.
03.05.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Садыр Жапаровду актаса болот. Бирок Текебаевди эмес.
03.05.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин ойумча Текебаевди бошотуу азыркы учурдун талабы,каалайбызбы жокпу Текебаев приципиалдуу коомго жана мамлекеттүүлүкө салымын кошкон сачсатчы,кеебир ары бери чуркаган саясатчыларга караганда туруктуу позициясы бар. Ошондуктан эл суранып жатканда,эл азыркы ажодон кандайдыр бир акыйкатык күтүп жатканда,менимче бошотуп жиберүү президенткке эле аброй алып келет.
03.05.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кичине олтурсун чыгарбай эле койгула 25жылдан бери теке ак уйдо олтурду колунан эчнерсе келбей жми эле чыгып жарытбайт бир милион доллар ды кантип алды уяты жок бул адамдын орду турмодо
03.05.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Jango, Туура Кыргызстанда тартип болбосо болбойт жепжутарлар турмодо отурушу керек
04.05.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Atas,карамушкина артык анваров деген жепжутарларчы.Ким кепилдик берет ушул эки депутат Кыргыз учун жанын канын берип иштейт деп
03.05.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Коз коруноо мамлекеттуулугубуз коркунучтуу келишимдер менен карызга батып атсада эч кимибиз эч нерсе кыла албай отурганбыз.Садыр Жапаров чындап мамлекеттин кызыкчылыгы учун деп бийликтеги мастардан коркбой журуп чыныгы патриот жигит камалып кетти, эч кимибиз жардам берип колдоо корсото алган жокбуз. Ушул адамдин иши кайра каралып акталыш керек!! Текебаевда ачыктаган фактылар бар бирок озуда суттой ак эмес,кылмыштары болгон,основание болбосо камай алышмак эмес,Текебаевдин ишин Рысалиев дадилдеген
03.05.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каяктагы бир чет элдик адамдын сөзүнө кирип кыргыздын мыкты саясатчысын камап койду, саясий куугунтук экенин президент билет чыгарып койсо болот.
03.05.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рысалиев Текебаевдин тырмагына тен келе алабы Рысалиев Текебаевдин мамлекет учун кылган кызматына тушунбосо да керек тукуругун чачыратрай суйлошту уйронуп алсынчыТекебаев жургон жерде караанын дагы коргозбой эле койсун
03.05.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sapargul,Анда эмне сен тушуносунбу эмнелер болгонун? Рысалиев Министр МВД болуп турганда Текебаевдин мародорлук иштерин куболор менен, ал болбосо мобилдик операторлордун жардамы менен кайсы саата кайсы обьектиге барышканына чейин минут саатына чейин тактап берген, жан жокорлоруда ушундай болгонун тастыган.Бирок ишти оз адамы Генпрорурор болурюп турган Салянова жаап салган, Рысалиевди отставкага кетиришкен. Сен Рысалиевдей болгончо коп бар.
04.05.2018. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jbolotov,мен Рысалиевдин бир эле жасаган ишин билем.Ал да болсо Батукаевди качырганы.
04.05.2018. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубат Оторбаев эми ойгондунбу АША нын убагында колдоп жатпадын беле бет бет эмей эшектин аркасы болуп калган экенда
04.05.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаевдин кыргыздын жерин сатканы же болбосом мамлекеттин миллиондогон акчаларын кымырып алган бир дагы кылмыш иши жок таза адам. Каяктагы Маевский дегендан пара алды делип бирок бир дагы фактысы жок эле камап коюшту. Туураны туура дейли туугандар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: