super.kg logo

Бишкектеги ЖЭБде 5 миллион долларлык химиялык цехти куруу иштери убактылуу токтотулду

 

Бишкектеги жылуулук электр борборунда химиялык суу тазалоочу цехти куруу иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук энергетикалык холдингден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кытайлык ТВЕА компаниясында жаңы химиялык цехтин долбоору бар, учурда ал текшерүүдөн өтүүдө. Жаңы цехти курууга 5 миллион 842 миң доллар жумшалмакчы. Бул каражат 386 миллион доллар насыяга кирет.

"Цех үчүн керектүү жабдуулардын жана материалдардын 90 пайызы алып келинди, азыр бажы документтерин каттоо иши жүрүүдө", - дешти мекемеден.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.05.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жеп жутаарлар да жеп атса керек жашырынып крысага окшоп
03.05.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2014 ж башталган модернизация 2018 жылыда буто элекби ошондо? 5 жылда бир ТЭЦти модер.кыла албасанар не журосунор? же 386 млн жаба албай калган болугу эми келди деген алаксытуубу бул? Кереги жок бул нерселер, сууну тазалоону биздикилерда кураалатурган нерсе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: