super.kg logo

Ысык-Көлдө 6 жаштагы балага сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жүргөн үч окуучу 8-9 жылга камалышты

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук соту 6 жашар баланы бир нече ирет сексуалдык мүнөздөгү бачабаздык кылышкан үч өспүрүмгө карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук сотунун маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук соту өкүмдү 28-апрель күнү чыгарган.

6 жашар өспүрүмгө карата бир нече ирет сексуалдык мүнөздөгү бачабаздык кылышкан О.А. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Кийинки айыпталуучулар Р.Ч. жана Э.у.Р. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен күнөөлүү деп табылышкан. Алардын ар бири 8 жылга эркинен ажыратылып, жазаларын жашы жете элек балдарга карата жалпы тартиптеги тарбиялык абагында өтөөсү белгиленген. Бөгөт коюу чаралары өзгөртүүсүз камакта боюнча калтырылган. Моралдык зыян катары жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына соттолуучулар О.А.дан 100 миң сом, Р.Ч.дан 50 миң сом жана Э.у.Р.дан 50 миң сом өндүрүлүп берүү милдеттендирилди.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 2017-жылдын 30-май күнү милицияга "Барскоон айылынын 6 жашар тургуну зордукталды" деп баланын ата-энеси арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жана 17 жаштагы Барскоон айылынын тургундары кармалып, камакка алынган. Алар күнөөсүн моюнуна алып, соттун чечими менен тергөө мезгилине чейин камакка алынышкан. Шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.05.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кара башыны жууут бизде деле гейлер толло окшойт
03.05.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тор артында кантээр экенсинер, озунор жаш экенсинер???!
03.05.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Булар азыр окуучу кезде акылдары жаш баладайда, ушул жагында эске алып бираз жумшак эле жаза беришсе туура болмок. Мамлекетибизди жок кылууга жардам берип миллиардарды жеп карыз кылып аткан чиновниктерге эмнеге анда анда катуу жазалар жок??? Ооруп калганы учун соткода чакырылбайт? Закон бирдей болуш керек!
03.05.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ылайым түрмөдө чирип олгуло акмактар
03.05.2018. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бычыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: