super.kg logo

Депутат Рыскелди Момбеков: "Саясатчылар, чиновниктер ар-намысын соттон издебесин"

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков SUPER.KG порталынын жогорку кызмат адамдарынын жумушун сындаган журналисттерди сотко берүү туурабы деген соболуна жооп берди.

Момбековдун пикиринде, журналисттер чиновниктердин жеке турмушуна аралашпоосу керек.

"Журналисттерди сотко бергенди туура эмес деп билем. Мен да журналист кезимде көп чиновниктер менен соттошком. "Ак Үй, көк үйдөгүлөр" дайыма эле сотко бере беришет. Эчендеген олигархтар менен соттошуп келгем. Ал учурда 5 миңден 25 миң сомго чейин эле айып пул салынып, жазган маалыматын төгүндөтчү. Ал акчаны алчу эмес. Актап бер кайра деп мажбурлачу. Саясатчы, чиновниктер ар-намысын соттон издебеши керек. Ар-намысы жок адам гана ар-намысы үчүн сотко берет. Азыр доону 5 миллион сомго чейин берет. Эмнеге андай баа койгонун билбейт. Бирок журналисттер чиновниктердин жеке турмушуна кийлигишпей, шылдыңдабай айтканы, жазганы туура. Мындай тартипти сактабаса сотко берип, жоопко тартыш зарыл", - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, журналист Нарын Айып жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.05.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Момбеков акыркы күндөрү жакшы сөздөрдү айтып жатабы же башта байкабадымбы? ....
03.05.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деп утар да кээде бироонун кызыкчылыгы учун суйлоп коёт.
03.05.2018. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кайсыны суйлоп элди алаксытат да бул да, эл бээчара анан ии ушу жакшы иштеп жатат деп ишеним артат, а чыныгы ак иштеген саясатчы акыркы 27 жылдан бери боло элек, эгер ошондой алам болгондо давно өнүкмөкпүз,коңшу өлкөлөргө салыштырганда, алар кантип ошончолук өнүктү? Анткени күчтүү башкаруучу болдогдугунан, мисалы И. Каримов, Назарбаев,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: