super.kg logo

Ысык-Атада 54 жаштагы жаран өзүнүн жарандык никедеги аялын сабап, андан соң муунтуп өлтүрдү

 

Кечээ, 2-май күнү Ысык-Ата районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук милициясына, райондогу үйлөрдүн биринде кыйкырык, ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери киши колдуу болуп каза болгон аялдын жансыз денесин табышкан. Бул кылмышка шектелип 31 жаштагы маркум К.А. менен жарандык никеде жашап жүргөн 54 жаштагы А.С. кармалган. Ошол күнү экөөнүн ортосунда чыр чыгып, А.С. жарандык никедеги аялы К.А.ны катуу сабап, соңунда муунтуп өлтүрүп салган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин жана ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.05.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарандык нике дегенин кандай тушунсо болот
03.05.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Janyjol.86,гражданский брак
03.05.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Киши 54 аял 31 атасындай болгон киши менен жашабай эле койсо болмок экен тем более гражданский брак болуп
03.05.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Психопат.
04.05.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасындай болгон киши менен. Уят го. Жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: