super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 4-МАЙ: Дүйнөлүк аренада Кыргыз желегин желбиреткен балбан Айсулуу Тыныбекова 25 жашка толду

 

Бүгүн, 4-майда Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 25 жашка чыкты. Олимпиада оюндарынын катышуучусу, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси, Азия чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында чоңойгон. Айсулуунун 2 эжеси, агасы жана иниси бар.

Бала кезинен спортко жакын болгон Тыныбекова 8-класска чейин баскетбол ойногонду жактырган, 9-класста таэквондо ийримине катышып, машыга баштаган. Кийин 10-классты бүткөндө күрөшкө кызыгып, машыгууларга олуттуу мамиле кылып, өзүнүн спорттук карьерасын баштаган.

2009-жылы Кыргыз курама командасынын курамына кирип, алгачкы Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болот. Андан кийин да көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон. 2012-жылы Тыныбекова 19 жашында Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алып, анда, тилекке каршы, алгачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартып 13-орунга гана татыган.

2017-жылга чейин Айсулуу Тыныбекова жаштар арасындагы Азия чемпиондугун жеңип, Дүйнө чемпиондугунда жана башка ири эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырган.

Кыргыз элинин сыймыгы, эл аралык даражадагы спорт чебери Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы 7 ири мелдеште байгелүү орундарга илинген. 3 жолу алтын медаль тагынып Кыргыз желегин желбиреткен. Январь айында өткөн "Иван Ярыгин" мелдешине катышып, балбан кыз 11 Кыргыз спортчунун арасынан жалгыз медаль багынткан.

Февраль айында Айсулуу Тыныбекова Швецияда өткөн “Klippan Lady Open 2017” эл аралык мелдешине катышкан. Бул мелдеште Айсулуу Тыныбекова финалдык баскычка чейин өткөн, бирок жарым финалда алган жаракатынан улам алтын медаль үчүн күрөшүүдөн баш тартып, күмүш медаль тагынып калган.

Ал эми май айында Индияда өткөн Азия чемпиондугунда Тыныбекова 1-орунду ээлеген. Муну менен ал 2-ирет катары менен Азия чемпиону аталган.

Азия чемпиондугунан көп өтпөй Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештик оюндарына катышкан. Анда биздин балбан бардык атаандаштарын жеңип Кыргыз желегин желбиретип, дагы бир алтын медаль тагынган.

Июль айында Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн "Poland Open" эл аралык мелдешине катышкан. Мелдештин жүрүшүндө Тыныбекова Литва, Беларусь, Германиядан келген балбандарды жеңип, финалдык беттеште америкалык Элен Марулистен жеңилип калган. Муну менен спортчу күмүш медаль тагынган.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Айсулуу Тыныбекова мыкты даярдык көргөн. Франциянын Париж шаарында орун алган Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Кыргыз балбаны нигериялык Аминат Олувафунмилайону, жарым чейрек финалда германиялык Лаура Мертензди жеңип алган. Жарым финалда тунистик Марва Амриге туш келип, 7:8 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Коло медаль үчүн күрөштө кытайлык Нингнинг Ронг менен туш келген. Беттештин жыйынтыгында 6:5 эсеби менен Кыргыз балбаны коло медалдын ээси болгон.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде япониялык Акиё Ханайды жеңип, жарым финалда вьетнамдык балбанга туш келип, аны 36 секунддун ичинде жеңип алган. Мындан соң финалдык баскычта кытайлык Пей Сингру менен күрөшүп 1:4 эсебинде жеңилген. Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова күмүш медалын тагынган.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова жыл ичинде 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медалды багынтып, спорттун өнүгүүсүнө салым кошкону үчүн Одесса шаарында болуп өткөн сыйлык тапшыруу аземинде эл аралык "Алтын мангуст" сыйлыгына жана "Даңк" орденине татыган.

Кыргыздын атактуу спортчусу Айсулуу Тыныбекова учурда бойдок.

4-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
04.05.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын...Айсулуу ийгилик артынан ийгилик ....
04.05.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туулган кунун кут болсун айнанайын кыргызымдын суйуктуу кызы ,ден-соолук,бакыт,дуйнодогу жакшылыктарды каалайм аман бол айнанайын.
04.05.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аман бол! Бактылуу бол!
04.05.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунун кут болсун!25жашта дагы да бойдок экенин эми угуп жатам.Мен бул кызды озумдон улуу коруп эле жургомун тура.Корсо жаш экен...Омурун берсин!Эл сыймыгы болуп журо бер!
04.05.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунунуз менен Айсулуу эже! Дагы эле бойдуксузбу? Сизди суйом, сизди озум эле алмакмын гоо бирок менден улуу экенсиз
04.05.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олимпиада оюндарынан алтын медаль тагынмайынча уй-було курбайм деген созу бар.Ал кун да келээр...
04.05.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунунуз менен чын журоктон куттуктайм! 25 жаш коп ийгиликтерди алып келсин
04.05.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аты кыздардыкына окшош экен
04.05.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
oshtuk_jigit,сен өзүң Кыргызстан үчүн эмне кылдың колуңдан эмне келет оштук жигит дегендин жигит деген сөзү ашыкча болуп калыптыр анын ордуна эчки деп жазып ал
04.05.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына Кыргызымдын чыгаан кызы азаматсын Айсулуу!
04.05.2018. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бар бол Айсулуу, өздүк майрам кут болсун!Бактылуу бол.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: