super.kg logo

Мексикада 5-шаар башчы атып өлтүрүлдү

 

Мексикада 5-шаар башчы атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 3-май күнү Мексиканын Идальго штатында жайгашкан Пакула шаарынын мэри атып өлтүрүлгөн. Шаар башчысы Алехандро Гонсалес Рамос унаасы менен кетип бара жатып мотоциклдин жанында жерде жаткан айдоочуну көргөн. Айдоочуга жардам берүү үчүн анын жанына келген мезгилде жерде жаткан белгисиз адам ага 3 жолу ок чыгарган. Рамос окуя болгон жерден көз жумган.

Айта кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Колима штатындагы Икстлауакан шаарынын башчысы да өз унаасында атып өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү Мичокан штатында орун алган Коалькоман шаарынын мэрине кол салуу болуп, бактыга жараша, ал тирүү калган. Ал эми ошол эле жылдын ноябрь айында Идальготитлан шаарынын башчысы өз үйүндө атып өлтүрүлгөн.

Ошондой эле 2018-жылдын апрель айынын ортосунда Тланепантлы жана Хилотлан-де-лос-Долорес шаарларынын башчылары дагы атып өлтүрүлгөн. "France Presse" маалыматтык агенттигинин эсептеп чыкканына таянсак, Мексикада 2018-жылдын 1-кварталы акыркы 20 жылдын ичиндеги эң көп адам өлтүрүү фактысы катталган квартал экени аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(16)
04.05.2018. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бешинчи шаар башчы деп жазсаңар туура болотко, эгерде бир убакта бешөөнү атып кетсе жазсаңар болот беш шаар башчы атып өлтүрүлдү деп.
04.05.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
bayhan,тире белгиси (-) кыргыз тилде ынчы,инчи деген мүчөнү билдирет.Туура жазылган.
04.05.2018. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
bayhan, сызыкча бешинчи дегенди билдирет
04.05.2018. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
bayhan,Туура эле жазылган, мааани берип карасаңыз, 5 тен кийин тире (-) белгиси турат, Кыргыз тилинде тире белгиси (чи, чү, чы, чу) деген маанини берет, башкача айтканда ошол тире белгиси мүчө болуп айтылат. Мисалы 3-май. 9-рота ж.б.у.с
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2018-05-04 08:45:12
04.05.2018. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кап жардам берейин деп жакшы ниет менен барыптын эле да(
АЛЛАХЫМ күнөөлөрүн кечирип бейишинен жай берсин!
04.05.2018. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мексикада кылымдардан бери ушул нерсе көйгөй болуп келет... Ит айткандай эле бири бирин атып өлтүрүшөт
04.05.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
биз жакка да келип кетсенер жакшы болот эле, бизде да бар шаар башчылар коррупционерлер.
04.05.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond02,Туура айтасың!
04.05.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02,Анан ак уй жакты да карап койосунарбы десен
04.05.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond02,Келишсе жакшы болмок.Бирок,жерде жаткан адамга жардам бермек тургай-биздикилер кайра машинасы менен тебелетип отуп кетишмек.Биздин 120-коюбуздун ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-04 14:32:48
04.05.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздикилнрди андай аталбайт биздикилер жердам берген турсун кылчайып карабайтко эгер ошондой киллер келсе биздин чондор алардында башын айлантса керек
04.05.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aksy94,Налог төлөтөт! Же карызга акча берип тургулачы көчөт алабыз депби?!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-05-04 13:09:28
04.05.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мексикада бул нормалдуу эле корунуш
04.05.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кинодогудай болуп турда
04.05.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол аткандар бизге деле керек экен
04.05.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин жемкорлор го да келип кетишсе болмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: