super.kg logo

Түркия президенттик башкарууга өтүп, Эрдогандын талапкерлиги кайрадан көрсөтүлдү

 

Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү. Мындай чечимди парламенттеги башкаруучу "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы кабыл алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Эрдогандын талапкерлигин 316 депутат, тагыраагы партиянын бардык мүчөсү колдогон. Түркиянын лидери буга чейин кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтып, ал мамлекеттик маанилүү иш-чара ушул жылдын 24-июнуна коюлган. Өлкөдө президенттик жана премьерлик шайлоо 2019-жылдын ноябрында өтмөк.

Режеп Тайып Эрдоган 2003-2014-жылдары Түркиянын премьер-министри, 2014-жылдан ушул кезге чейин президенти катары иштеп келүүдө.

Түркияда 2017-жылы референдум өтүп, элдин көбү президенттик башкарууну колдоду деп табылган. Конституциялык өзгөртүүлөр шайлоодон кийин күчүнө кирет. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кеңеймекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
04.05.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президенттик башкаруу болсун деп иштеп жаткан президенттер кайрадан өздөрүн президенттикке көрсөтүшөт! Пример министирлик башкару болсун деп президенттер өздөрүн пример министр кылып көрсөтүшөт. Баары өздөрүн ойлошуп кайсыл креслого барса ошол жерди башкаруу кылып алышат экен да!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-05-04 13:26:58
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: